Надира Нарматова Эмгек министрлигине караштуу Миграция департаментин сынга алды
Парламентарий ведомство Өзбекстандан келген эмгек мигранттарынын так санын билбестигине нааразы болду
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Миграция департаментинин ишмердүүлүгүн сынга алды.
«Биз миграцияны Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине бекиттик», - деди ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып. «Алардын аткара турган иштери көп, биз аларды миграциялык көйгөйлөр менен да жүктөдүк. Бул жерде сиздин жообуңуз. Бизге канча өзбек келгенин билишпейт. Миграция боюнча өзүнчө министрлик түзмөйүнчө, ички жана тышкы миграция маселесинде ушундай башаламандык болот. Бизге өзбектер келип иштешип, эч жерде катталбай, салык төлөбөй, миллиарддарды мамлекетибизден чыгарып кетишет. Бул бир гана абийирсиз милиция кызматкерлеринин жана аларды коргогон майда миграциялык кызматкерлердин колунан келет. Коррупция ушул жерден башталат.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www