Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Бекназаровго үйүнө кетүүгө уруксат берилди

Тергөө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Русланга үйгө чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

- Сот Руслан Бекназаровго карата тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырды, - деп билдирди басма сөз кызматы. – Иштин материалдары боюнча анын өздүгү такталган, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери бар, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес, үй-бүлөдө жалгыз багуучу, багуусунда тогуз баласы бар. Ошондуктан баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 12-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Руслан Бекназаров Facebook социалдык тармагында экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелүүдө. Материалдар Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясын пропагандалаган.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх