Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК Билим берүү министрлигин мектептерде англис тилин окутуудагы шалаакылык үчүн сынга алды

Депутат Жылдыз Садырбаева Тынчтык Корпусу 100 волонтер англис тили мугалимин сунуштаганын билдирди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Билим берүү министрлигинин шалаакы мамилеси мектептерде англис тилин үйрөнүүнү өнүктүрүүгө жол бербей жатканын белгиледи.

«Билим берүү министрлигинин шалаакы мамилеси тууралуу мен эки жума мурун сизге билдирген элем», - деди парламентарий президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып. - Тынчтык корпусу биздин мектептерде англис тилин үйрөтүү үчүн 100 волонтерду сунуштайт. Алар бул кызматты бекер сунушташат. Биз буга кызыкдар болушубуз керек болчу. Анткени, англис тилин билүүнүн артыкчылыктуулугу жана актуалдуулугу дагы эле жогору. Эмне үчүн Билим берүү министрлиги бул процессти кечеңдетип жатат? Сураныч, бул маселени көзөмөлгө алыңыз.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх