Оппозициянын кармалышы. Гүлнара Журабаева камакта (видео)
БШКнын экс-мүчөсү СИЗОдогу кармоонун шарттары тууралуу айтып берди
Бишкек шаардык соту БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, соттук коллегия Журабаеванын мыйзамдуу камалышын тааныды. Апелляциялык арыздар канааттандыруусуз калтырылган. Массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталган ал 21-декабрга чейин СИЗО-1де болот.
Гүлнара Журабаева өзү журналисттерге билдиргендей, СИЗОнун шарттары убактылуу кармоочу жайга караганда жакшыраак.
«Камерада менден башка дагы 7 адам бар. Шарттары ИВС караганда жакшыраак, жумасына бир гана жолу душ болот. Мен китептерди окуйм», - деди ал.
БШКнын экс-мүчөсү кармалган учурдан бери ага карата эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.
«Мени жаздан бери тополоң даярдаган деп айыпташты. Бирок ошол учурда менин күйөөм каза болду, андай акыбалда болгон эмесмин", - деп жыйынтыктады ал.
Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер жана депутаттар кирген. Андан кийин 24-октябрда анын дээрлик бардык мүчөлөрү массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ушул эле күнү Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өттү. Алардын көбү боюнча сот эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Сүрөт www