Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда самбо боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу өтөт. Украина менен Тажикстан катышуудан баш тартышты

САМБО боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу качкындар командасы катышат

11-ноябрдан 13-ноябрга чейин Кыргызстан тарыхында биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрөт. Эл аралык самбо федерациясынын (ФИАС) календарындагы негизги спорттук иш-чарага 50дөн ашык өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө. Бирок Украина менен Тажикстан катышуудан баш тартышкан.

Россия, Беларусь жана Франциянын курама командалары ФИАС желеги астында ат салышууда. Ошондой эле, самбо боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу качкындар командасы катышат.

Мелдештер спорттук самбо боюнча эркектер жана аялдар арасында, ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча өткөрүлөт.

Кыргызстан мындай абройлуу спорттук иш-чараны өткөрүү укугун кантип алды? Бул суроо менен Vesti.kg сайтынын редакциясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылды.

«ФИАСтын жобосуна ылайык, самбонун өнүгүүсүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүү укугу берилет», - деп түшүндүрдү агенттик. - Мурунку жылдары биздин спортчулар көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып келишкен. Арменияда өткөн акыркы дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын самбисттери 17 медаль жеңип алышкан. Ошондуктан ФИАС 2022-жылдын негизги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү чечти.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх