Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистеринен 60 мугалим курстарда квалификациясын жогорулатышты

Физика, математика жана филология боюнча сабактар ​​жана мастер-класстар өткөрүлдү

Ош шаарында А.И.  Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистеринен 60 мугалим курстарда квалификациясын жогорулатышты.. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында 8-9-ноябрь күндөрү Россиянын А.И. Герцен (Санкт-Петербург) физика-математика (математика) жана филология (азыркы адабият) билим берүү боюнча 60 мугалимге квалификациясын жогорулатуу боюнча сабактарды жана мастер-класстарды өткөрдү.


Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде шаардагы орус тилинде окуткан билим берүү мекемелеринин мугалимдери атайын курстар аркылуу россиялык кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнүп, окутуунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Курстардын жыйынтыгында бардык 60 мугалимге тиешелүү сертификаттар тапшырылды. Иш-чаралар түштүк борбордун муниципалитетинин, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жана Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү.


Иш-чаралар бир тууган Ош жана Санкт-Петербург шаарларынын практикалык кызматташтыгын кеңейтүү алкагында өткөрүлдү. Эки шаардын өз ара аракеттенүүсү достук байланыштарды чыңдап, биргелешкен билим берүү долбоорлорун иштеп чыгып, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мастер-класстар “Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары” аттуу маданий-агартуу иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх