Журналисттер, юристтер, медиа-эксперттер жана чиновниктер биргелешип ММК боюнча мыйзам долбоорун жыйынтыкташат
Президенттин администрациясы ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамды толуктап бүткөндөн кийин аны Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүүнү убадалады
Медиа мыйзам долбоору боюнча тегерек столдун алдында журналисттер, көз карандысыз юристтер, медиа-эксперттер жана президенттик аппараттын өкүлдөрү жумушчу топ түзүп, бул мыйзам долбоорун аягына чыгаруу үчүн биргелешип иштөөнү макулдашты.
Мамлекет башчынын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы тегерек столдо айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун биротоло иштеп чыгуу зарылдыгын моюнга алды.
Президенттик аппараттын өкүлдөрү медиа тармагынын 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүнү убадалашты. Алар ошондой эле документ жыйынтыкталгандан кийин Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүлөт деп макулдашышты.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www