Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад маселеси. Президент Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Парламент Өзбекстан менен келишимди ратификациялоону эртең карайт

Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Мындан тышкары жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт.

10:00 башталат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх