УКМК Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын бөлүм башчысын кармады
Маршрут айдоочуларын коркутуп, алардан дайыма акча талап кылып турушкан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схеманы аныкташты.
Ошентип, 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда ЖКнын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» бөлүмүнүн башчысы «М.К.Ж.» кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө «М.К.Ж.» өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.
Тактап айтканда, "М.К.Ж." дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу, ошондой эле айдоочуларды каттамдан четтетүү же жумуштан бошотом деп коркутуу жолу менен айдоочулардан акча талап кылган.
15-ноябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Р. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) «М.К.Ж.» кармалып, шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү