Ташиев Жогорку Кеңеште Кыргызстан жер бербей, тескерисинче алып жатканын айтты
УКМК комитеттин башчысы Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга да өтөт деген маалыматты четке какты
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын алдында сүйлөп жатып, Өзбекстанга да өтүп кетти делген Орто-Токой суу сактагычы боюнча коомдо жалган маалымат таркап жатканын билдирди.
«Коомдо Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп жатат деген ишенимсиз маалымат тарады», - деди Ташиев. - Бул туура эмес. Орто-Токой суу сактагычы биздики бойдон калды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 15500 гектар жерди компенсация катары алдык, андан да эртерээк 4 миң гектардан ашык жерди алганбыз. Жалпысынан Кыргызстанга 19 миң 500 гектардан ашык жер берилген. Суу сактагычтын суусун жана деңгээлин биргелешип башкарабыз.
Ислам Жолдошов
сүрөт www