Кемпир-Абад. Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимди ратификациялоону колдоду
Үчүнчү окууда 65 депутат резонанс жараткан документти жактырды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу республикага берүү боюнча келишимди ратификациялоо маселесин карашты. Чечим үч окууда кабыл алынды.
Биринчи окууда резонанс жараткан документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.
Экинчи окууда ратификацияны 62 депутат колдоп, 21 депутат каршы болду.
Үчүнчү окууда 65 депутат колдоп, 18и каршы болду.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз