Кемпир-Абадды коргоо комитети Өзбекстан менен келишимди жокко чыгарууну көздөөдө (видео)
Активисттер эл аралык сотторго үмүт артышууда
Кемпир-Абадды коргоо комитети Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотторго кайрылмакчы. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөлөрүнүн бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков социалдык тармакка билдирди.
«Бийлик Кемпир-Абадды дагы эле берди, бирок бизде дагы бир жол калды - эл аралык сотторго кайрылуу. Бизде бул келишимди жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Кечээ мен парламентте коррупциялык жана авторитардык ыкмалар менен чечим кабыл алынганын байкадым”.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер жана депутаттар киргенин жазган. Андан кийин 24-октябрда анын дээрлик бардык мүчөлөрү массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ушул эле күнү Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өттү. Алардын бардыгына карата сот эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
Сүрөт www