Камчы Көлбаев УКМК тарабынан кармалды (фото)
Мындан тышкары атайын кызмат мыйзамдагы уурунун 10 жакын адамын кармады
Кримтөбөл, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев деген каймана ат менен таанымал Камчыбек Асанбек кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалым болгондой, окуя 16-ноябрда болгон. Кармоо Карасай чек ара бекетинде болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун лидеринен тапанча жана карабиндер табылып, алынган.
Мындан тышкары, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 10го жакын кримавторитет кармалды. Алар кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан «Булат-М» аңчылык аймагынан кайтып келе жатышкан. Кылмышка шектүүлөр Карасай чек ара бекетинен кармалды.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө акыркылар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган. Бул боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык К.Асанбекке жана анын шериктерине административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында 8 ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 ПМ жана Глок тапанчасы) табылган», - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандардын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 429-беренесинде (Мамлекеттик чек аранын режимин, чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди бузуу) каралган кылмыштын белгилери катары каралууда.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү