Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Исаев декабрга чейин камакта болот

Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын узартты

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канат Исаев ушул жылдын 23-декабрына чейин камакта болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын УКМКнын СИЗОсуна камоо менен белгиленген мөөнөткө чейин узартылды», - деп белгилешти алар.
Эске салсак, 2017-жылдын сентябрь айында Канат Исаев да бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгон.

Сотко чейинки өндүрүш 2019-жылдын апрель айында токтотулган. Кошумчалай кетсек, саясатчы башка оппозиционерлер менен бирге ушул жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине кирген. Андан соң массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен УКМКнын тергөө абагына камалган.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх