Кара-Буура районундагы УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду (фото)
Ачылыш аземге атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев катышты
Бүгүн, 21-ноябрда УКМКнын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду.
Ачылыш аземге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Курулган имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган, иштөө шарттары талапка жооп берет.
Ташиев кесиптештерин куттуктап, Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда УКМКнын кызматкерлерине милдеттерин так аткаруу зарылчылыгы үчүн шарттар түзүлүп жатканын эскертти.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү