Алматыда өтүп жаткан Octagon 37 турниринде Максатбек Жолдош уулу атаандашын 30 секундда нокаут кылды (видео)
Кыргызстандык мушкер карьерасында сегизинчи жеңишке жетти
Кыргызстандык мушкер Максатбек Жолдош уулу Алматыда (Казакстан) өтүп жаткан Octagon 37 турниринде атаандашын 30 секундда нокаут менен жеңип алды. Бул тууралуу маалымат чемпионаттын Instagramдагы расмий баракчасында пайда болду.
Биздин мушкерге азербайжандык Тахмаз Ализад каршы чыгып, ата мекендик спортчунун соккусуна туруштук бере алган жок. Жеңил салмактагы күрөш үч раундга пландаштырылган, бирок биринчисинин башында эле аяктаган.
Ошентип Максатбек Жолдош уулу карьерасындагы сегизинчи жеңишине жетишти.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз