Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын бардык медициналык университеттери чет элдик студенттерди кабыл ала албайт

Тиешелүү токтомго Акылбек Жапаров кол койду

Медициналык билим берүү уюмдарына чет элдик жарандарды кабыл алуу боюнча токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Чет элдиктер эл аралык программанын аккредитациясынан өткөн медициналык университеттерге кире алышат.

Токтомдо документ медициналык кадрларды даярдоонун жана бүтүрүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларын алардын деңгээлин жогорулатууга дем берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломдорун чет мамлекеттерде таануу үчүн түзүлгөнү айтылат.

Билим берүү жана илим министрлигине Медициналык билимдин Бүткүл дүйнөлүк федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык ЖОЖдорго гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу планын бекитүү тапшырылды.

Тышкы иштер министрлиги бүткүл дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программанын аккредитациясынан өткөн медициналык университеттерге гана окууга бара турган абитуриенттерге жана студенттерге виза берет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх