Экономика министрлигинин өкүлүнө: Мамлекеттик жөнгө салуу канчалык катаал болсо, экономикага инвестиция ошончолук азаят
Бактыбек Сыдыков мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети жана бизнес чөйрөсү менен биргеликте аягына чыгарууну сунуштады
Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Экономика министрлигинин өкүлдөрүнө республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун чарбакер субъекттерди жөнгө салуу бөлүгүндө кайра карап чыгууну сунуштады.
- Бизге салмактуу мыйзам долбоорун алып келдиңиздер, - деп элдин тандоосу Экономика министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылды. — Бирок, мамлекеттик жөнгө салуу канчалык катуу болсо, компаниялардын капитализациясы ошончолук төмөн болорун эске алуу керек. Жөнгө салуу канчалык катуу болсо, инвесторлор ошончолук азаят. Андыктан, мыйзам долбоорун дагы бир жолу карап чыгып, тиешелүү комитет жана бизнес чөйрөсү менен бирдикте аягына чыгарууну сунуштайт элем.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www