Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү унааларды толук тонировкалоого уруксат берүүчү документтердин баасын арзандатууну сунуштоодо

Азамат Исраилов ушундай жол менен бюджетке көбүрөөк акча түшөт деп эсептейт

10 айда өлкө бюджети унаалардын айнектерин акы төлөнүүчү караңгылатууга уруксат берүүдөн 24 миллион сомго толукталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Өз кезегинде депутат Азамат Исраилов белгилегендей, буга чейин департамент беш эсе көп киреше убада кылган.

«Балким, уруксат кагаздарынын баасын төмөндөтүү керектир? 20-30 миңге чейин. Ошондо көбүрөөк киреше болот», - деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү эл депутатынын сунушун башкармалык карап көрөт деп жооп берди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх