Москвада таксиде иштеген кыргызстандык муунтуп өлтүрүлдү
Шектүү ошол эле күнү кармалган
Москвада Кыргызстандын жараны болгон таксистти муунтуп өлтүрүштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар РФнын борбор калаасы боюнча тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«Тергөөнүн версиясы боюнча, Москва шаарынын Эльнинская көчөсүндө жайгашкан турак жайдын короосунан такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун тумчугуу түрүндөгү зомбулуктан каза болгон жансыз денеси табылган.
Ага чейин кол салган адам айдоочуну сабап, колун байлап койгон.
Москванын батышында таксистти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды», - деп айтылат маалыматта.
360 булагы билдиргендей, таксист Кыргызстандын Ош облусунун жараны болгон. Маркумдун унаасы Иваново облусунда катталган. Айдоочу ушул жылдын 15-сентябрында Москва жана ушул эле аталыштагы облуста жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн иштөөгө уруксат алган.
Жабырлануучунун жубайы күйөөсү мурда автобустун айдоочусу болуп иштеп, 2022-жылдын сентябрында таксиге өткөнүн айткан.
Шектүү ошол эле күнү кармалган. Анын жанынан жабырлануучунун банк картасы табылган. Адам өлтүрүү үчүн ал 6 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Сүрөт www