­
Баткен облусунда болгон коркунучтуу кырсыктан 8 адам каза болду - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда болгон коркунучтуу кырсыктан 8 адам каза болду

Дагы бир адам ооруканага жаткырылды

Баткен облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук башкармалыгынан билдиришти.

- Кырсык бир күн мурун саат 19.30да Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Раззаков жолунда болгонун милициядан билдиришти. – Mercedes Sprinter жана Opel Vectra үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Окуянын кесепетинен 5 адам алган жараатынан жеринде каза болсо, дагы үчөө ооруканага жетпей каза болгон. Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган аман калган адам бар. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх