Сот Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды
Журналист өкүмдү бийликтин өч алуусу деп атады
Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арызды карады. Судья Темиров Кыргызстандын жараны эмес болгондуктан, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.
Журналист өзү бул өкүмдү бийликтин майда-чүйдө өч алуусу деп атады.
"Алар баңгизат боюнча эч нерсе далилдей алышкан жок" деди ал. "Ал эми бул чечим абдан кызык."
Темировду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу жөнүндө өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жүктөлсүн.
Эске салсак, журналист Болот Темировго үч кылмыш иши козголгон. Ал маңзат сактоо, документтерди жасалмалоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелүүдө.
Кийинчерээк Свердловский Темировду маңзат сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү эпизоддору боюнча актаган. Бирок паспорт алууда жалган маалыматтарды колдонгону үчүн аны күнөөлүү деп тапкан. Бул кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен журналист жазадан кутулган.
Сүрөт www