Дастан Бекешев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын мыйзамсыз деп атады
Депутат соттун чечими чыга электигине нааразы болуп, күч органдары журналистти Москвага жөнөткөн
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев журналист Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирди.
- Болот Темировдун кечээки чыгарылышын айтпай коюуга болбойт, - деп эске салды парламентарий. -Конституциянын биринчи беренесин карап көрсөңүз, жарандыктан ажыратууга болбойт деп так жазылган. Соттун чечими азырынча айтыла элек, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аны Москвага жөнөтүшкөн. Бул ашыкча чаралар. Мен эл аралык уюмдарга таң калам. Бир жагынан адам укуктарынын сакталышын талап кылышса, экинчи жагынан өлкөбүзгө гранттарды берип жатышат.
Ислам Жолдошов
сүрөт www