АКШнын Мамлекеттик департаменти: Журналисттер өз ишин аткарганы үчүн жазаланбашы керек
«Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү жана сөз эркиндигин муунтуу аракети бул аброюна шек келтирет»
Журналисттер өз ишин аткарганы үчүн жазаланбашы керек. Ошентип, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Твиттердеги баракчасына иликтөөчү журналист Болот Темировдун соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылышына комментарий берди.
"Депортация чечими тынчсыздандырат" деди Прайс. Журналисттер эч качан өз ишин аткарганы үчүн жазаланбашы керек. Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү жана сөз эркиндигин муунтуу аракети бул аброюна шек келтирет”.
Эске салсак, бир күн мурун Бишкек шаардык сотунун чечими менен иликтөөчү журналист Болот Темиров паспорт алуудагы мыйзам бузуулар үчүн өлкөдөн чыгаруу өкүмү чыккан. Өкүм укук коргоо кызматкерлери тарабынан жарыядан кийин дароо аткарылган.
Сүрөт www