Бишкекте айдоочу каршы тилкеге чыгарбай койгондугу үчүн башка бир айдоочуну бир урган (видео)
Тартип бузган адам табылып, айып пул салынып, милицияга жеткирилген
Бишкекте айдоочу башкасын каршы тилкеге өткөрбөй койгондугу үчүн айдоочуну бир урган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараганын милиция билдирди. - Анда айдоочунун жол эрежесин бузуп, андан соң урушуп, башка унаа ээсине физикалык күч колдонгону көрсөтүлгөн. Видео коомчулукка тараары менен ЖККККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Тартип бузган 1993-жылы туулган жаран табылып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ошондой эле каршы тилкеге чыгып кеткендиги үчүн 5500 сом айып пул салынган.
Михаил Готфрид
Фото www