Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургда адам өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык жумушчу кармалды (фото)

Батирдин ээси оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн барып, дайынсыз жоголгон

Санкт-Петербургда адам өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык жумушчу кармалды. Бул тууралуу Versia маалымат порталы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 27 жаштагы кыз батиринде оңдоо иштери кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн барган боюнча дайынсыз жоголгон. Туугандары милицияга кайрылышкан. Келген ыкчам-тергөө тобу батирден мойнуна зым байланган кыздын жансыз денесин үйүлгөн курулуш таштандыларынын арасынан табышкан.


Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө жатаканада үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан Кыргызстандын жараны кармалган. Бир версия боюнча, батирдин ээсинин ортосунда оңдоп-түзөө иштеринин сапатына канааттанбаган деген негизде чыр чыккан. Иште кыздын акыркы жолу барганы, андан кийин шектүүнүн үйдөн чыгып кеткени тартылган видео камтылган.

Учурда кыргызстандык жаранды адам өлтүрүү беренеси боюнча айыптоо жана анын баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө. Бул иш Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин жеке көзөмөлүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх