Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте унаа уурдаган жаран кармалды (видео)

Унаа өзү буга чейин Ысык-Көлдө табылган

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарындагы унаа жуучу жайдан унаа уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


-Ноябрь айында социалдык тармактарга унаанын ээсинин уурдалган ак түстөгү Лексус СТ 200 үлгүсүндөгү унаасын табууга жардам сурап кайрылган видеосу тараганын укук коргоо кызматкерлери эскертишти. - Тиешелүү арыз менен Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына кайрылган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө унаа Ысык-Көлдөн табылган. 27 жаштагы шектүү качып жүргөн, бирок ошол эле учурда табылып, кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка окуяларга катыштыгы бар экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх