Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан 2023-жылдан тарта өз товарларын Улуу Британияга нөлдүк бажы ставкасы менен экспорттой алат

Бирок Британия адам укуктарын бузгандыгы үчүн КРны соода жеңилдиктеринен ажыратышы мүмкүн

REGNUM маалымат агенттиги 2023-жылдан тарта Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жаңы соода схемасынын катышуучуларынын бири болору – республика Британияга өз товарларын нөл же төмөндөтүлгөн бажы тарифтери менен экспорттой алат деген материалды жарыялады. Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин соода саясаты боюнча кеңешчиси Фабиан Хартвелл билдирди.

Чиновниктин айтымында, бул преференцияларга ээ болуу үчүн республика адам укуктарын сактоого, экологияга зыян келтирбөөгө, коррупцияга каршы жетиштүү күрөштү көрсөтүүгө жана британ бийлигинин башка талаптарын так аткарууга милдеттүү.

«Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын азырынча карай элекпиз. Бирок мыйзам бузуулар болгон учурда республиканын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасына катышуусунун шарттарын кайра карап чыгабыз», - деп баса белгиледи ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын башында Евробиримдик Кыргызстандын «Преференциялардын жалпы схемасы» («ВСП+») программасына кошулушун жактырган, ал жергиликтүү экспортчуларга Евробиримдиктин өлкөлөрүнө 6000ге жакын продукциянын түрүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берген.

Белгилей кетсек, ВСП+ алкагында экспорттоочуларга коюлган талаптар Европа Биримдигинин техникалык регламенттерин сактоону гана эмес, өнөктөш өлкөнүн адам укуктарын, ак ниет башкарууну, эмгек жана экологиялык стандарттарды сыйлоо боюнча милдеттенмелерин толук аткаруусун да камтыйт.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх