Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКда Бакиев менен Атамбаевди кечирүүнү сунуштады, бирок Феликс Кулов баары депутаттар көрүп тургандай жөнөкөй эмес экенин түшүндүрдү

А.Акаев кылмыш жоопкерчилигинен бошотулса, башка экс-президенттердин жолу болбой калганына парламент нааразы болду

Бүгүн пленардык жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мурдагы мамлекет башчы А.Акаевдин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганына нааразы болуп, экс-президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге да ушундай мамиле кылууну сунуштады..

Бирок, мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун пикиринде, баары эл өкүлдөрү көрүп тургандай жөнөкөй эмес.

- Жөн эле бирөө, башка бирөөнү чыгарган жок - деди ал Vesti.kg сайтына. - Акаевге козголгон кылмыш иши эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен мыйзамдуу негизде токтотулган. Соттор буга чейин Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге өкүм чыгарган. Бакиев сыртынан соттолгон. Атамбаев дагы соттун өкүмүнүн негизинде абакта. Жөн эле айта албайбыз: "Балдар, болду, биз токтойбуз". Мындай болбойт. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо керек. Андан кийин жаза каралышы мүмкүн.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх