Медер Алиевдин ордуна Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетин жетектеди
Анын талапкерлигине 81 депутат добуш берди
Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жаңы төрагасы шайланды.
Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясы комитеттин төрагалыгына Чолпон Султанбекованын талапкерлигин көрсөттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Султанбекованын талапкерлигин 81 депутат колдоп, экөө каршы болгон.
Буга чейин депутат Медер Алиев Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча келишимге байланыштуу Жогорку Кеңештин аталган тармактык комитетинин төрагалыгынан кеткен.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз