Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр уланууда
Кар чынжырлары жок жеңил унаалар да ашууга кирбейт
Төө-Ашуу ашуусунда 30-ноябрь күнү саат 11:30дан баштап аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, ДЭУ 9 ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурууда.
Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы Сосновка транспорттук көзөмөл постунда жүк ташуучу жана жеңил унааларда кардын чынжырларынын бар-жоктугун текшерүү боюнча иш алып барууда. Төө-Ашуу ашуусуна кар чынжырлары жок унаалардын айдоочуларына киргизилбейт.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз