Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов: Кыргыз эли оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга боору ооруганды билген эл

Кабинеттин төрагасынын орун басары майыптарга болгон мамиле коомдун жана мамлекеттин маданиятынын жетилгендигинин көрсөткүчү экенин белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык майыптар күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты.

Форумдун ишин ачууда Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган эл экендигин белгиледи.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамиле жетилген коомдун жана мамлекеттин маданият деңгээлинин көрсөткүчү экендиги талашсыз. Мамлекеттик деңгээлде акыркы жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын жакшыртууга багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жарандардын айрым категориялары үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын эске салды, ага ылайык, үстүбүздөгү жылы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 100 жана 200%га көбөйтүлдү.  

Белгилей кетсек, форум мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, майыптыгы бар адамдардын эмгекке жана билим алууга карай жеткиликтүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында « Менин колумдан келет» деген ураан астында өтүүдө.

Форумдун соңунда жыйынтык резолюция кабыл алынат.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх