ЖКнын депутаттары ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жыйынына катышат
Делегация Москвага учуп кетти
Жогорку Кеңештин депутаттары ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Бир күн мурун спикер Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Москвага учуп кетти», - дешти алар. - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына эл өкүлдөрү катышат. Ассамблеянын кеңешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы да катышат. Аны менен бирге Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков иш-чарага катышуу үчүн учуп кетишкен.
ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз