Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 10 айда 858 миллион долларды түздү
Кыргызстандан Түркияга экспорт 93,5 миллион долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 56%га өскөн
ТРнын Статистика институтунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 858 миллион долларды түздү.
ТРден Кыргыз Республикасына импорт 27%га өсүү менен 764 млн долларды түздү. Экспорт 93,5 миллион доллар деңгээлинде белгиленип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56%га өскөн.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз