Марлен Маматалиев: Бишкектин жолдорундагы тыгындарды жоюу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жолдор мынчалык көп унаага ылайыкташкан эмес деп түшүндүрүштү
Бүгүн депутат Марлен Маматалиев Бишкектин жолдорундагы тыгындар кандай чечилээрине кызыкты.
«Эртең менен кичирайондордон шаардын борборуна, кечинде борбордон жогорку тарапка каттап, унаа тыгыны пайда болот», - деп Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын өкүлдөрүнө кайрылды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн сиздер тараптан кандай чаралар көрүлүп жатат?
Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү борбор калаада тыгын убагында тыгындар жаралат деген пикирге келишти.
«Бишкектин жолдору мынчалык көп сандагы унааларга ылайыкталган эмес», - деп түшүндүрүштү алар. - Унаа токтоочу жайлар жетишсиз болгондуктан, унаалар жолдун жээгине токтоп, ушунусу менен жолду тарытууда. Колубуздан келишинче жолдорду тазалоого аракет кылып жатабыз.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www