Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундузбек Сулайманов: Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун жаңыдан көтөрүлүшү тууралуу сөз жок

Парламентарий мас абалында унаа айдагандар 17 миң сом айыпка тартыларын эске салды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Жол кайгуул кызматы айдоочулардын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду көбөйтүүнү сунуштайбы? Бул суроо менен Vesti.kgнин редакциясы комментарий алуу үчүн депутат Кундузбек Сулаймановго кайрылды.

— Жок, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат, — деди ал. - Айып пулдун жаңыдан көтөрүлүшү тууралуу сөз жок. Мас абалында айдоо үчүн жаза мыйзам тарабынан белгиленген. Менин эсимде 17 миң сом айып төлөшү керек.

Өз кезегинде парламентарий Айбек Осмонов Vesti.kg сайтына айып пулду көбөйтүү каралбай жатканын билдирди.

«Убагында мен жарандар төлөшү үчүн айып пулду 1000 сомдон 300 сомго чейин төмөндөтүү демилгесин көтөргөм», - деди ал. - Жол эрежесин бузгандар үчүн айыпты көтөрүү сунушталган жок. Мас абалында айдоо үчүн алар буга чейин мыйзамда жазылган.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх