Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: 25 жыл таза иштеген мугалимдер 5 миң сом, жарандарды тоноп кеткен соттор 100 миң сомдон пенсия алышат

Жеңишбек Токторбаев Социалдык фонддун башчысына бул адилетсиздик боюнча министрлер кабинетине маалымат берүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев 25 жылдык эмгек стажы бар мугалимдер менен соттордун пенсиясынын өлчөмүнө кызыкты.

- 25 жылдык стажы бар мугалим менен сот кандай пенсия алат, - деп кайрылды парламентарий Социалдык фонддун жетекчиси Бахтияр Алиевге.

Өз кезегинде Алиев кийинчерээк эсептеп, элдин тандоосуна маалымат берүүнү убада кылды.

- Мугалим менен соттун пенсиясын азыр эсептей албайм, - деди Алиев. - Кийин эсептеп, маалымат берем.

Бирок чиновниктин бул жообу парламентарийди канааттандырган жок.

«Өмүр бою коомдун жыргалчылыгы үчүн таза иштеген мугалим 25 жылдан кийин 5 миң сомго пенсияга чыгат», - деди Токторбаев. -Жарандарды тоноп, алардын эсебинен пайда көргөн соттор пенсияга чыгып, 100 миң сом алышат. Эмне үчүн мындай адилетсиздик? Бул жагдайды тактоо үчүн министрлер кабинетине кайрылдыңызбы?

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх