Боом капчыгайында автобустан 5 миллион сомдон ашык акча уурдалган. Бул иште шаардык кеңештин депутаты бар
Айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге кирип баратканда кол салгандар жашыруун сейфти талкалашкан
17-ноябрда Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгилегендей, ошол күнү саат 02.00дөр чамасында автобустун айдоочусу Ч.А. Каракол-Бишкек каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташып бара жатып, Боом капчыгайындагы жол боюндагы кафелердин бирине токтогон. Ал эми айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда белгисиз адамдар ушул учурдан пайдаланып, автобустун ичиндеги жашыруун сейфти ачып, кагаз конверттерге салынган 5 миллион 200 миң сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына өткөрүп берүү беришкен.
Бул арыз Тоң РИИБнин КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Жасалган кылмыштын оордугу эске алынып, сапаттуу тергөө жүргүзүү максатында кылмыш иши Ысык-Көл облусунун ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулуктун бетин ачуу максатында, мындай кылмыштардын бетин ачууда көп жылдык тажрыйбасы бар, эң даяр кызматкерлердин ичинен тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул иш боюнча бир катар версияларды айтышкан, көптөгөн күбөлөр суралган. Натыйжада кылмышка шектүү эки жаран аныкталып, камакка алынды. Алар 19 жаштагы В.И. жана Каракол шаарынын тургундары Ю.Р. Ал эми үчүнчү кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты К.М.га мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобуста кээде жашыруун сейфте акча ташылып турганын, аны Караколдук ишкерлер Бишкекке товар алуу үчүн өткөрүп беришерин билишкен. Натыйжада В.И. жана Ю.Р. акча каражатын уурдоо боюнча план бышып, бул ишти жүргүзүүнү шаардык кеңештин депутаты К.М.га сунуштап, ал дагы макулдугун берген.
Жабыркагандарга келтирилген материалдык чыгым толугу менен калыбына келтирилди. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ошондой эле, милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн 27 жаштагы К.М.нын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарга 0703937656, 0556898966, (03922) 5-45-50 же 102 номурларына кайрылууну өтүнүп кайрылат.
Ысык-Көл облусунун ИИБсы
Ысык-Көл облусунун иИИБнын сүрөтү