Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбак Түлөбаев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дан эгиндерин себүү үчүн алууну сунуштады

Депутат фонддо тиешелүү адистер жок экенин белгиледи

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев дан эгиндерин себүү үчүн материалдык резервден алууну сунуштады.

-Матрезервдерден себүү үчүн дандын үрөнүн алып коюуга болобу? – деди депутат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго. - Болбосо туура эмес үрөндөрдү алып келишет, анан ушул жерде отуруп алып айыл чарба министрин урушуп атабыз. Үрөн менен камсыз кылуу менен адистер алектенсин.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров иш туура жүрүп жатканын түшүндүрдү.

— Адистер үрөн менен камсыз кылуу менен алектенет, - деп жооп кайтарды министрлер кабинетинин башчысы. — Материалдык резервдер урөндү унөмдөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин орундатышат. Берилген үрөндөрдүн сапаты боюнча даттануулар болгон, бирок айта кетчү нерсе, дыйкандар көп жана ар кимдин ар кандай талаптары бар. Кээ бирөөлөргө жагат, башкаларга жакпайт. Бирок жалпысынан алганда иш туура аткарылып жатат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх