Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу ишкананын кампа башчысы 1 миллион 600 миң сомдук мүлктү өздөштүргөн
Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулган
Жайыл районунун прокуратурасы Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» муниципалдык ишканасына текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп алуу фактылары аталган ишкананын кампасынын башчысы С.Ш. (электр товарлары, металлдар ж.б.) 2021-жылдан 2022-жылдын июнь айына чейинки мезгилде мамлекетке жалпы суммасы 1 млн 60 миң 648 сом зыян келтирген.
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен мурдагы кампа башчысы Ш.С. айыпталган. Кылмыш иши кароо үчүн Жайыл райондук сотуна жөнөтүлдү.
Учурда иш соттун кароосунда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www