Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марлен Маматалиев: Синоптиктер күн ачык экенин айтышат, бирок терезеден карагыла - күн көрүнбөйт. Бул табигый туман эмес, түтүн

«Эгерде курсактагы түйүлдүк түтүндүн терс таасирине дуушар болсо, мамлекеттин кандай өнүгүшү жөнүндө сөз кылууга болот»

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарын жана ага жакын айылдарды газдаштырууну тездетүүнү сунуштады.

«Мурда божомолдор бар болчу, эми булганган абанын адамдын ден соолугуна зыяны боюнча так илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бар», - деди эл өкүлү кесиптештерине кайрылып. -Эгерде эненин курсагында жаткан түйүлдүк түтүндүн терс таасирине кабылса, мамлекеттин кандай өнүгүүсү жөнүндө сөз кылууга болот. Синоптиктер күн ачык аба ырайын айтышат, бирок терезеден карагыла - күн көрүнбөйт. Бул табигый туман эмес, түтүн. Дарыгерлердин айтымында, борбор калаадагы түтүн көптөгөн коркунучтуу ооруларга, анын ичинде онкологиялык ооруларга алып келет. Бул бүгүнкү күндө өтө курч жана актуалдуу маселе.

Мындан тышкары, парламентарий Бишкекти тез арада газдаштыруу үчүн каражат табууну сунуштады.

- Эми эмне кылсак болот? Маматалиев созун улантты. - Бишкекти жана ага жакын аймактарды газдаштырууга тез арада өтүү керек. Гранттын эсебинен тургундарды газ түтүгүнө бекер туташтыруу керек. Же жеңилдетилген насыяларды бергиле же эл газга кошула тургандай кылып төлөп берүү мөөнөтүн узакка созуу менен. Гранттар эл аралык донорлор тарабынан бөлүнөт, РКФРнын каражаттарынан, ошондой эле мамлекеттик банктардан каражат бөлүүнү кароого болот. Андыктан, биздин демилгени жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоону суранам.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх