Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте унаа убада кылып, акчасын алып изин жашырып кеткен сатуучу кармалды

Жыйынтыгында жаран 4 миң доллардан ашык акчасын жоготкон

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, шаар тургунуна автоунаа убада кылып, акчасын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Эки жаран жолугуп, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын сатуу боюнча макулдашкан, деп билдирди ИИМ. - Улан кичирайонунда бирөөнө унаа үчүн 4 миң 100 доллар берген. Бирок акчаны алгандан кийин шектүү белгисиз тарапка качып кеткен. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.А.нын өздүгү такталып, кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен борбор калаанын СИЗО-1 абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх