Жеңиш Молдокматов февраль айына чейин камакта калды
Сот баш коргоо чарасын узартты
“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы билдирди.
Саясатчынын жактоочусу соттон баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган камоого өзгөртүүнү өтүндү. Судья өтүнүчтү канааттандырган жок.
Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер жана депутаттар кирген. Андан кийин 24-октябрда анын дээрлик бардык мүчөлөрү массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ушул эле күнү Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өттү. Алардын көбү боюнча сот эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Сүрөт www