Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Перизат Суранова ачкачылык жарыялашты
Укук коргоочулар Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн камоо мөөнөтүн узартууга макул эмес
Укук коргоочулар Рита Карасартова менен Клара Сооронкулова, ошондой эле активист Перизат Суранова Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн камактагы мөөнөтү узартылганына байланыштуу ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу “Реформа” партиясынын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды.
Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер жана депутаттар кирген. Андан кийин 24-октябрда анын дээрлик бардык мүчөлөрү массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ушул эле күнү Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өттү.
Кармалгандардын дээрлик бардыгына карата сот баш коргоо чарасын 2023-жылдын февраль айынын аягына чейин узартты.
Сүрөт www