Бишкекте президенттин катышуусунда "Мурас" футбол мелдеши башталды (видео)
Садыр Жапаров биринчи беттеште гол киргизген
Бишкекте кезектеги футбол боюнча “Мурас” достук турнири башталды. Сынакка президент Садыр Жапаров, бир катар жетекчилер, депутаттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда. Кошумчалай кетсек, турнирде журналисттерден жана өлкө футболунун ардагерлеринен турган команда ойнойт.
Турнирге жалпысынан 16 команда катышууда. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:
- «А» тайпасы: «Президенттик администрация», «Фемида» (сот бийлигинин өкүлдөрү), «Журналисттер» жана «Спорт федерациясы»;
- В тайпасы: Жогорку Кеңеш, Коопсуздук (бийлик блогунун өкүлдөрү), «Достук» (Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү), Бизнес;
- С тайпасы: «Алга (ата мекендик футболдун ардагерлери)», «Элчилер» (дипломатиялык корпустун өкүлдөрү), «Ата мекендик спорттун жылдыздары», «Билим» (билим жана илим өкүлдөрү);
- D тайпасы: «Ыйман» (дин өкүлдөрү), «Өнөр» (маданият өкүлдөрү), «Аймактар» (аймактардын өкүлдөрү), «Ден-соолук» (саламаттыкты сактоонун өкүлдөрү).
Бүгүн тайпалык жана чейрек финалдык оюндар болуп, эртең, 15-декабрда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финал орун алат.
Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен уюштурулган.
Учурдагы чемпион катары биринчи жолугушууну спорт федерацияларынын командасы менен кармашып, президенттик администрациянын командасы өткөрдү.
Биринчи беттеште Садыр Жапаров биринчи таймда атаандашынын дарбазасына гол киргизген. Президенттин командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.
Сүрөт www