КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Абдылдабек Кекеновду спорттогу тарыхый жетишкендиги менен куттуктады
Жигит кыргыз спортунун тарыхында биринчи болуп, IBJJF джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалды жеңип алды
Бир күн мурун, 13-декабрда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекеновду 7-11-декабрда Лос-Анжелес шаарында (Калифорния) өткөн IBJJF джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалы менен куттуктады.
Дүйнө чемпиондугуна дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 5 миңден ашык мыкты спортчулар катышты. Кекенов кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу IBJJF жиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Борбиев күмүш медалдын ээсин тарыхый сыйлык менен куттуктап, Абдылдабек чыныгы спорттук мүнөзүн, жеңишке болгон эрктүүлүгүн, акыркы секунддарга чейин күрөшө билгендигин, ошондой эле кыргыз спортчулары дүйнөлүк жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин бүт дүйнөгө далилдегенин белгиледи.
Өз кезегинде Абдылдабек башкы консулга куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунунун спорт менен катар илимде жана билимде чоң ийгиликтерге жетишин баарынан да каалай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунан бери 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610 дареги боюнча иштеп жатат.
Телефон: 312 994 2416
312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдар үчүн 24/7)
Email: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www