Эл өкүлү инвесторлор үчүн туристтик визаны узартууну сунуштады
Карим Ханжеза өзгөчө кытайлык ишкерлер визанын кыска мөөнөтүнөн улам кыйналып жатканын белгиледи
Депутат Карим Ханжеза инвесторлор үчүн туристтик визаны узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тактап айтканда, Кытайдан Кыргызстандын жаранынын чакыруусу жок туристтик виза менен келген инвесторлор келүү мөөнөтүн мыйзамдуу түрдө узарта албай, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушат.
«Мындай ыңгайсыздыктардан улам көбү өлкөгө кайтып келбейт. Алар мигранттар жана инвесторлор үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттар менен Өзбекстан менен Казакстанга инвестиция салганы жатышат», - деди депутат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз