Кемпир-Абадды коргоо комитетинин 11 мүчөсү СИЗОдо ачкачылык жарыялады
Активисттер камак мөөнөтүн узартуу чечимине каршы
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы ачкачылык жарыялаган мүчөлөрүнүн саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
«Кечээ ачкачылык жарыялоо боюнча 9 адамдан арыз түшсө, бүгүн аларга дагы экөө кошулду», - деп тактады ведомство.
ЖАМК ачкалардын аты-жөнүн кийинчерээк берүүнү убадалады.
Ал арада укук коргоочу Азиза Абдирасулова 19 адам ачкачылыкта жатканын социалдык тармактарда билдирди.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер жана депутаттар киргенин жазган. Андан кийин 24-октябрда анын дээрлик бардык мүчөлөрү массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ушул эле күнү Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өттү.
Кармалгандардын дээрлик бардыгына карата сот баш коргоо чарасын 2023-жылдын февраль айынын аягына чейин узартты.
Ачкачылык акциясын биринчилерден болуп укук коргоочу Рита Карасартова менен Клара Сооронкулова, ошондой эле активист Перизат Суранова баштаган. Алар баш коргоо чарасын узартууга каршы.
Сүрөт www