Бишкек шаарынын мэри: Жакында биз таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун долбоорлорун сиздердин карооңузга сунуштайбыз
Эмилбек Абдыкадыров 22 откананы газга өткөрүү чараларына да токтолду
Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин жыйынында абанын булганышын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
- Түтүн көйгөйү бүгүн пайда болгон жок, ал көп жылдардан бери уланып келе жатат, - деп парламентарийлерге кайрылды. - Мен кайталап отурбайм, түтүндүн келип чыгышынын себептери, жаңы курулуп жаткан имараттар эмне үчүн газга кошулбай жатканы тууралуу кеп кылбайм. Сиздер мурдагылардын докладын уктуңуздар. Мен конкреттуу чараларга токтоломун. Шаарда 67 от казаныбыз болсо, анын 22си көмүр менен иштейт. Бул отканаларга газ отказандарын орнотуу боюнча Түркия тарап менен жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Полигон боюнча учурда таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча эки чет элдик компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бир аздан кийин эки вариантты тең карап чыгабыз. Жана сиздер менен бирге алардын ичинен эң жакшысын тандайбыз деп ишенем.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www