Алтын, күмүш, коло. Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатынан кийин байгелүү кайтты (фото)
Турнир Таиландда өттү
Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында алтын, күмүш жана коло медалдарды багындырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
- Турнир 10-18-декабрга чейин Бангкок шаарында өттү, - деп билдиришти департаменттен. - Кыргызстанга алтын медалдарды 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Авазбек Аманбеков жана 71 килограммга чейинки салмакта Аброр Хакимов алып келишти. Марат Мусаев менен Адилет Улан уулу күмүш медалга ээ болушту. Коло медалды Салиха Гобоева, Сыймык Базыло, Азамат Кудайбердиев жана Мамыр Абдураимов алды. Биздин командага кирген 10 спортчунун сегизи сыйлык менен кайтышкан экен.
Михаил Готфрид
Сүрөт www